Садыр Жапаров баткендиктерди коркпой жашай берүүгө чакырды. Аларды армия коргойт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта Баткен облусуна иш сапарынын алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде апрель айында болгон окуяларда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылындагы 84 үй-бүлөгө бериле турган жаңы үйлөрдү көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундарга кайрылып, эми коркпой жашай берүүгө болорун айтты. Анын айтымында, учурда кыргыз армиясында өлкөнү коргоо жөндөмүн жогорулатуу боюнча реформа жүрүп жатат. Мамлекет өз жарандарынын коопсуздугун толук кайтарууга аларын айтты.

«Биз тынчтыкта жашашыбыз керек. Согуш эч кимге жакшылык алып келбейт. Биз аны жакшы билебиз. Кошуна мамлекеттер да жакшы билет. Түбөлүк кошунабыз. Алар да, биз да башка жакка көчүп кете албайбыз. Ошондуктан ынтымакта, биримдикте кошуналык мамиледе жашашыбыз керек», — деди ал.