Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Президент Садыр Жапаров №1053 шайлоо тилкесине барып, өз добушун берди. Добушун берген соң, кыргызстандыктарга кайрылып, шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышууну суранды.
«Урматтуу кыргызстандыктар, бүгүн бизде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Ошондуктан биздин жарандарыбыздан шайлоо процессине активдүү катышып берүүңүздөрдү суранам. Ар бириңиздердин берген добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн, балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Ошондуктан дагы бир жолу суранып кетем, шайлоого активдүү катышып бериңиздер», — деди ал.












