Садыр Жапаров: «Бийликке келгенден тарта өлкө казынасынын каржысын көбөйтүүгө аракетибизди жумшап келебиз»

Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда өлкөнүн Элдик курултайында сөз сүйлөдү.

«Элдин турмушун жакшыртууга, мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган ар бир кадам мамлекеттик бюджетке барып такалгандыктан, биз бийликке келгенден тарта өлкө казынасынын каржысын көбөйтүүгө бар күч-аракетибизди жумшап келебиз. Ошондуктан фискалдык саясатты күчөтүп, кирешелерди көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүнүн жолун издедик. Жыйынтыгында, 2020-жылдагы консолидацияланган бюджеттин көрсөткүчтөрү 248 миллард сомду түзсө, 2021-жылдын жыйынтыгында ал эч бир кошумча салык киргизбестен, салыктардын төлөмдөрүн жогорулатпастан, тескерисинче, кээ бир салыктын түрлөрүн жоюп, 313,0 миллиард сомго жетти. Буга чейин айтып келгенибиздей, быйыл бул көрсөткүчтү 400,0 миллард сомго, кийинки жылы 500,0 миллард сомдон ашырууну өжөрлүк менен көздөп турабыз», — деди ал.