Садыр Жапаров бийликке келгенге чейин БШКга ишенбегенин айтты

Садыр Жапаров “Бийликке келгенге чейин БШКга ишенчү эмесмин, эми гана шайлоонун таза өтөрүнө ынандым” дейт. Бул тууралуу ал кечээ, 10-январда өткөн маалымат жыйыны учурунда билдирди.

“Шайлоодо административдик жана башка бузуулар, добуш сатып алуулар болбой турганына күбө болосуздар. Мындан ары бардык шайлоолор ачык-айкын өтөт. Эл арасында БШК добуштардын жыйынтыктарын жасап коёт деген түшүнүк кабыл алынып калган. Мен деле мурда ушундай ойдо болчумун. Бийликке келгенден кийин БШКнын серверлерин текшердим, жасап коюуга мүмкүн эместигине ынандым», — деди ал.