Садыр Жапаров: «Бир жумадан кийин шайлоо боюнча республикалык кеңешме өтөт»

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынына президент Садыр Жапаров келип, ал сунуштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн колдоп бергени үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди.

Ал өз сөзүндө алдыда өтө турчу парламенттик шайлоо боюнча да кеп кылды. «21-октябрда ушул темада республикалык кеңешме өткөнү жатам. Кеңешмеге айыл өкмөт башчысынан тартып өкмөт башчысы да катышат. Чакырылгандардын арасында сиздер да (ред. депутаттар) барсыздар. Шайлоого катышып жаткан партия башчылары да бар. Ошол жерде шайлоону таза жана так өткөрүү боюнча тиешелүү жактарга катуу тапшырма берем», — деди ал.