«Мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясына да катышат. Сапардын алкагында Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэль Макрон, ЮНЕСКОнун Башкы директору Одри Азуле, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Башкы катчысы Матиас Корман, Франциянын энергетика тармагындагы «Électricité de France» жана «Total» компанияларынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи кыргыз-француз бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылууда», — деди Муратбек Азымбакиев.
Президент депутаттар менен бир катар социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады
Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, парламенттин...











