Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоодо шайлоо тилкесинен тыш добуш берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Бир күн мурда мамлекет башчысынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус инфекциясы катталгандыгына байланыштуу участкалык шайлоо комиссиясы көчмө добуш берүүнү уюштурду. Президент берген ПЦР-тестинин жыйынтыгында коронавирус инфекциясы аныкталган эмес. Бирок Садыр Жапаровго эпидемиологдордун берген сунуштарына ылайык, ал түздөн-түз байланышта болгондугу үчүн башкалардын ден соолугуна коркунуч келтирбөө максатында обочолонуу чараларын көрүшү зарыл.

Мамлекет башчысы өлкө жарандарын шаардык кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүү менен өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткарууга чакырды. Президент Садыр Жапаров шайлоого катышуу жоопкерчиликтүү жарандык позициянын жана өлкөнүн келечеги үчүн кам көрүүнүн көрсөткүчү экендигин белгиледи.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоо өтөт.