Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы республикалык борбордук мечитинде ооз ачар өткөрдү

Кечээ, 7-апрелде президент Садыр Жапаров Бишкектеги имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитке барды.

Мамлекет башчысы намаз окуп, ал жерде болгон мечиттин бардык жамаатына ооз ачар өткөрдү. Ошол эле жерде Садыр Жапаров чогулгандардын алдында кыскача сөз сүйлөп, аларды ыйык Рамазан айы менен куттуктады. «Кыргыз элинин бардык жакшы ниеттери, жакшы ойлору ишке ашсын», — деди ал.