Садыр Жапаров Бишкекте августта 22,5 миң адам батарлык жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирди

Садыр Жапаров ушул жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Садыр Жапаров белгилегендей, бул эл аралык мүнөздөгү ири иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгон көп функциялуу спорттук арена болот. Бул Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана спорттун бул түрүн мындан ары жайылтуу үчүн зарыл.

Өз кезегинде улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана команданын капитаны Валерий Кичин президентке көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары мамлекет тарабынан футболду жана жалпы эле өлкөдө спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилешти. Алар борбор калаада жаңы заманбап стадиондун курулушунун башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатышканын кошумчалашты.