Мамлекет башчысына көп кабаттуу үйлөрдүн 11и толук бүткөрүлүп, келерки жылдын сентябрында колдонууга тапшырыла турганы маалымдалды. Он бир үйдүн ар бири 18 кабаттуу, анда жалпы 986 батир бар. Курулуш жүрүп жаткан аймакта 39 көп кабаттуу үй курулат жана мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жеңилдетилген шартта жарандарга берилет. Садыр Жапаров курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керек экенин баса белгиледи.
Алмамбет Шыкмаматов Салык кызматынын жетекчиси болду
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан ырасташты. Алмамбет Шыкмаматов 2023-жылдын сентябрынан...