Кечээ, 28-августта Садыр Жапаров «Евразия» аттракциондор паркынын ачылыш аземине катышты.
Жаңы парк 10 гектарга жакын аянтты ээлейт. Келгендер үчүн 30га жакын аттракцион, спорттук аянтчалар, фудкорт жана соода түйүндөрү акысыз жеткиликтүү. Кирүү расмий колдонмо аркылуу QR-код менен ишке ашырылат, бул бардык категориядагы жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылат.
Иш-чаранын алдында президент парктын аймагын кыдырып, эс алуу шарттары менен таанышты, ошондой эле майрамдын символикалык башталышы болгон балдардын оюн коюусуна барды. Президент парктын курулушу 2024-жылы Министрлер кабинети менен «Евразия» автономдук коммерциялык эмес уюмунун ортосундагы Евразия мейкиндигиндеги салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча кызматташуу жөнүндөгү макулдашуунун алкагында башталганын эске салды.
“Инвестициялык климат жакшырган бүгүнкүдөй шартта инвестицияларды жалаң эле өндүрүш ишканаларына багыттабай, бүгүнкүдөй социалдык долбоорлорго да салууга кириштик. Бул паркка тартылган инвестициянын көлөмү 35 миллион АКШ долларын түзөт”, — деп ырастады мамлекет башчысы жана долбоор Евразиялык экономикалык биримдиктин 10 жылдыгына арналган масштабдуу иш-чара болуп саналарын кошумчалады. Парктын курулушу жана жабдылышы меценаттык каражаттардын эсебинен “Евразия” фонду тарабынан каржыланды.