Садыр Жапаров: «Биз эч качан биринчилерден болуп башка бирөөлөргө катылбайбыз»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта УКМКнын чек ара кызматына жана ӨКМге техникаларды тапшыруу аземине катышты.

«Биз эч качан биринчилерден болуп башка бирөөлөргө катылбайбыз. Бирок катылгандын катыгын берип келген Манас атабыздын урпактары катары духу күчтүү чек арачыларыбыз берген антына бекем туруп, кынтыксыз кызмат өтөп жаткандыгында эч кимдин шеги жок», — деди өлкө башчысы.

Президенттин айтымында, чек араны кайтарууда зарыл болгон жаңы чек ара тозоттору, турак үйлөр курулуп, учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техникалар, автоунаалар, «Тигр» үлгүсүндөгү тоо-таштардан, жолсуз жерлерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон авто унаалар жана башка курал-жарактар сатып алынууда. Садыр Жапаров анын баары бюджеттин эсебинен жана эски эмес, жаңы техника сатып алынып жаткандыгын белгилеп өттү. Өткөн жылы бул багытка бюджеттен 7,5 миллиард сом бөлүнгөнүн, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн азырынча 3 миллиард сомго жакын каражат бөлүнүп жатканын билдирди.