Садыр Жапаров: «Биз кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз»

«Бүгүн биз кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессин аяктап жатабыз. Бул чынында эле тарыхый окуя. Биз чек ара маселелери боюнча диалогго жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө даяр экенибизди көрсөттүк». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда Өзбекстан президентинин өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кеңири форматтагы жолугушуусунда билдирди.

«Чек ара маселелерине чекит коюу менен биз келечек муундарыбыздын туруктуу, ишенимдүү өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү үчүн бекем пайдубалды түптөйбүз деп ишенем. Урматтуу Шавкат Миромонович, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маанилүү маселелерди чечүүдө сиздин баа жеткис ролуңузду белгилегим келет. Өзгөчө көңүл бура турган нерсе — ушул мамлекеттик визиттин алкагында Келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу менен бул маанилүү окуя бекемделет», — деди ал.