Садыр Жапаров: «Биз Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилени жандантабыз»

Түркия менен Кыргызстандын мамилеси илгертеден бир туугандай. Бул эч кимге жашыруун эмес. Акыркы 4-5 жылдан бери эки өлкөнүн мамилеси соолгундап кетти. Бул тууралуу Садыр Жапаров Түркиянын «Аваз» телеканалына берген маегинде билдирди.

«Биздин жетекчиликтин Түркия менен Орусиянын ортосундагы мамилеге киришип ийгендиктен, Түркия менен мамилебиз солгундап кеткен. Мен ишенем, мамилени кайра жандандырабыз. Анткени биз илгертеден бир тууган калкпыз. Миң жылдык тарыхыбыз бизди бириктирип турат», — деди ал.