Шаршемби, 28.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Биз мындай окуялардын кайталанбашы үчүн болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз!»

11:29 28.04.2023
0
Садыр Жапаров: «Биз мындай окуялардын кайталанбашы үчүн болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз!»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууларда курман болгон жарандарды эскерүүгө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Өлкөбүз 2021-жылдын апрель айында, андан кийин 2022-жылдын сентябрь айында соңку тарыхындагы оор сыноолорду башынан кечирди. Кыргыз-тажик чек арасында эки ирет кайталанган каргашалуу окуяларды ар бир кыргызстандык жүрөгү сыздап, терең кайгыруу менен кабыл алды.

Бул каргашалуу окуяларда 99 жараныбыз курман болуп, орду толгус оор жоготууларга учурадык, 477 жараныбыз ар кандай жаракат алып, азыркы убакка чейин дарыланып келет.

Эл уулдарынын Мекен чегин көздүн карегиндей сактоодогу каармандыгы тууралуу эчендеген макала-баяндар, көркөм китептер жазылып, даректүү фильмдер тартылып, болуп өткөн окуяны келечек муундун көз алдына тасмадай тартып бере турган мезгилдер али алдыда. Алардын Ата Мекен үчүн кан-жанын аябаган эрдиги, мекенчилдиги муундан-муунга даңазаланып, элибиздин эсинде түбөлүккө сакталып калат!

Жамы журтубуздун, жалпы мамлекетибиздин тикесинен тик туруп, жапа-тырмак колдоо көрсөткөндүгүнүн натыйжасында 2021-жылдын апрелинде өрттөлгөн турак үйлөр кайра курулуп, толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Кагылышууда курман болгон мекендештерибиздин үй-бүлөлөрүнө да өз убагында үйлөр курулду.

Кагылышуунун кесепеттерин жоюу максатында 2022-жылдын 17-сентябрында “Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө”, андан кийин 2022-жылдын 10-октябрында “2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун Баткен районунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыктарым чыкты.

Аларга ылайык, жарандардын талкаланган турак-жайларын калыбына келтирүүгө мамлекеттин бюджетинен 1 миллиард 385 миллион 670 миң сом бөлүнүп берилди. Учурда талкаланган 418 үйдүн 381и бүткөрүлдү, калгандарын калыбына келтирүү жаатында курулуш иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары жапа чеккен жарандардын насыя берүүчү мекемелерге болгон 31 миллион сомдук карызы жоюлуп, 63 миллион сомдук насыялык келишимдердин шарттары жеңилдетилди. Каргашалуу окуяда эл-жери үчүн курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жабыр тарткан жарандарга мамлекет тарабынан компенсациялар төлөнүп берилди. Бул багытта даректүү жардам чаралары дагы улантылат.

Биринчи жолку кагылышуудан кийин мамлекетибиз чыйралып, чек ара коопсуздугун бекемдөө максатында кечиктирилгис чараларды кабыл алганын билесиздер. Өлкө тарыхында алгач ирет республикалык бюджеттен Куралдуу күчтөрүбүзгө заманбап аскердик техника жана башка керектүү жабдыктар сатып алынды. Натыйжада экинчи жолку кагылышууда татыктуу жооп кайтарылып, мизи майтарылып, көптөгөн курмандыктардын болушуна жол берилген жок. Чек ара коопсуздугун бекемдөө, жоокерлерибизди зарыл болгон жабдыктар жана техника менен камсыздоо жумуштарын мындан ары да улантабыз. Бул иш-чаралардын алкагында, аскерлердин жана ички иштер кызматкерлеринин, айрыкча, Баткен жергесинде кызмат өтөгөндөрдүн айлык маяналарын кескин түрдө көтөрүп бердик.

Биз мындай окуялардын кайталанбашы, эгемендүү өлкөбүздүн бүтүндүгү, калкыбыздын бакубат жашоосу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз!”.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:13 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

14:56 27.01.2026
Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

12:43 27.01.2026
Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

2
Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

Депутат Элдар Сулайманов балдарынын энеси тууралуу жаман айтпоого чакырды

14:56 27.01.2026
Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

12:43 27.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү