Садыр Жапаров: «Бизде сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турат»

Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

«Бизде сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турат. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш жасаба, жалган маалымат таркатпа, бирөөгө жалган жалаа жаап, беделине доо кетирбесең болду, каалаган сөзүңдү сүйлөп, каалаган ишиңди кыла бер деген принцип сакталат.

Бүгүнкү күндө демократияны, мыйзам үстөмдүгүн чыңдоо, экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу аракетибизди колдоп-коштоп жаткан эл аралык өнөктөштөрүбүз менен достук мамиледеги өлкөлөргө ыраазычылык билдире кетейин. Биз сиздердин колдооңуздарды жогору баалайбыз жана өз ара пайдалуу кызматташтыгыбыз уланат деп үмүт артабыз. Эл аралык коомчулуктун жигердүү катышуучусу болгон Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууга ар дайым умтулат.

Жалпы көйгөйлөрдү чечүү жана эл аралык кызматташтык үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн сиздер менен иштешүүгө даярбыз.

Коңшу өлкөлөр жана эл аралык коомчулук менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө байыркы маданий жана соода жолдорунун кесилишинде жайгашкан географиялык позициядагы артыкчылыгыбызды акыл-эс менен пайдаланууга тийишпиз», — деди ал.