Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берди.
— Тышкы саясий маселеге байланыштуу бир суроо, азыр Орусияда жүргөн молдовалык саясатчы Илон Шорду Кыргызстанга байланыштырган, тагыраагы өлкөбүз аркылуу Орусияга кирген санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берүүдө деп айыптаган материалдар батыш медиаларында маал-маалы менен чыгып калууда. Ушундай шартта Илон Шор түзүп, ар кыл гуманитардык долбоорлорду ишке ашырган «Евразия» фондунун Кыргызстанга жардам берүүсү биз үчүн тобокелдик туудурбайбы?
«Биринчиден, биз жактан Орусияга кирген санкциялык товарларды кыйгап өткөн бир дагы факты жок. Болсо бизге доомат коюп жаткан өлкөлөр далилдерди бетибизге коюп берсин. Андай маселе жок. Тескерисинче, Орусияга санкция салган мамлекеттер өздөрү түздөн-түз Орусия менен миллиарддаган долларларга кызматташып жаткан фактылар бар. Аны ошол эле ар кыл эл аралык медиалардагы кесиптештериңер жарыялап келишет.
Экинчиден, биздин өлкөгө Илон Шорбу, Илон Маскпы же башкасыбы келип бизнес кылабыз десе келе беришсин. Мындан трагедия кылыштын кереги жок.
Биз көп тармактуу саясат жүргүзүп келебиз, баары менен кызматташууга даярбыз. Мындан ары да бул саясатыбыз өзгөрбөйт. Ким болбосун биздин өлкөгө келип, экономикалык салым кошобуз десе келе беришсин. Биздин эшигибиз баары үчүн ачык. Баары менен экономикалык жактан кызматташууга даярбыз. Саясий жагын болсо жети өлчөп бир кесебиз»,- деди өлкө башчы.