Мелис Аспеков Садыр Жапаровго импичмент жарыялоону суранды. Буга президент эмне дейт?

«Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алган деп мен кат жазгам. Адвокаттар аркылуу катты бергем. Алар жарыя кылышкан. Бийлик хакерлерди жалдап туруп, аккаунтума кирип, өчүрүп салышкан. ИИМ иш козгоду. Мага дагы бир иш козголду. Мени СИЗО-1ге киргизип салган. Булар мени өлтүргөнгө барган. Мен инфаркт алдым. 2 күн мени карашкан жок. Анан эптеп ооруканага алып барышты. Операция кылышты», — деди ал.

Ал ошондой эле Садыр Жапаров өз колу менен ага шайлоого миллион доллар бергенин айтты. «Мен салык төлөгүлө дедим. Макул дешкен. Анан эле анын штабы шайлоого 65 миллион сом короду деп алдап жатышат. Мен эле Чүйгө 85 миллион сом коротуп жатсам. Бул Жапаровго импичмент жарыялоого факты да. Эфир аркылуу депутаттарга, кайдыгер эмес уюмдарга кайрылам. Арыз жазгыла. Арызга мен да кол коюп берем. Мен импичментти темир тор аркасында жарыялайм»,— деди ал.

Бул боюнча президент Садыр Жапаров «Азаттыкка» маалымат берди. «Сооронбай Жээнбековдон бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион доллар алмак түгүл бир доллар алган жокмун. Кудай өзү көрүп турат. Ал эми Мелис Аспеков болсо шайлоо убагында мени сурап жатат деп ар кимден акча чогултуп кармалган. Ошол үчүн камакта жатат», — деди ал.