Дүйшөмбү, 26.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Болочок күйөө бала президентти сынга кабылтпайын деши керек эле»

09:39 26.06.2024
0
Садыр Жапаров: «Болочок күйөө бала президентти сынга кабылтпайын деши керек эле»

«Кабар» агенттиги өлкө башчысы Садыр Жапаров менен кезектеги маегин курду. Анда агенттик президенттин жакындары тууралуу коомчулукта талкуу жаратып жаткан маселелер боюнча суроо узатып, жооп алды.

— Карындашыңыз Лазат Нургожоеванын жигити тик учак менен тоого барып, чоң шаан-шөкөт менен колун сураганы социалдык тармакта ар кыл талкууларга жем таштады. «Өлкө жетекчилеринин жакындары башкаларга үлгү болушу керек, тик учак жалдоого баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок да, ӨКМге тик учактар ушул үчүн алынды беле?» дегендер да болду. Анын үстүнө ысырапкорчулукту токтотолу деп айтып келесиз. Ушул маселе боюнча сиздин пикирди билсек?

— Ооба, туура айтасыз. Өлкө жетекчилигинин жакындары башкаларга үлгү болушу керек. Ысырапкорчулукту токтотолу деп какшап келе жатам. Эң жок дегенде болочок күйөө бала ушул демилгемди колдоп, ойлонсо деле болмок. Президенттин жакыны болгон атса, элдин сынына кабылбайын, президентти да сынга кабылтпайын деши керек эле. Жаштык кылып койду деп ойлойм. Жөнөкөй жол менен эле келип колун сураса, бири-бирин жактырып аткандан кийин баш тартмак эмес да.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учактардын үч башка түрүн алып бергенбиз. Баары жаңы.

Мейли кайсы мекеме болбосун, бирди эки, экини үч кылып кетиш керек. Алдыга жылуу, өнүгүү болуш керек. Ошол үчүн тик учактарды мамлекеттин ишине керектөө мезгилинен сырткаркы убакта коммерциялык багытта да иштеткиле деп уруксат бергенбиз.

Азырынча учактар жаңы кезинде өздөрүн актап, өздөрүнүн ордуна экинчи, үчүнчү учактарды алып келиш керек. Учпай тура берсе, мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учактар учууга жараксыз болуп калат.

Ошондуктан мейли жөнөкөй жаранбы, бизнесменби, мейли туристпи, мейли инвесторбу тик учактарды ижарага алам десе, мамлекет кубануу менен беребиз. Анткени ижарага берүүдөн түшкөн ар бир тыйын мамлекетке түшүп, кийинки жаңы тик учактарды сатып алууга топтолот. Ошентип авиапарк улам жаңыланып турат.

Антпесек кийин, 2020-жылга чейинкидей, өлкө боюнча бир дагы тик учагыбыз калбай калат. Азыр Кудайга шүгүр, жалпы жыйырмага жакын тик учагыбыз бар.

Ижарадан түшкөн акчаларга улам жаңы тик учактарды сатып алып турабыз. Буга чейин да айтканбыз, азыр да айтам, кимге тик учак керек болсо буюртма берип, өлкөбүздүн каалаган жерине учуп барып-келип турса болот. Мындан мамлекет пайда гана табат.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Президент: «2026-жылы өлкөдө 20 021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:13 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири — мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Садыр Жапаров: «10-11 класстык билим берүү өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып бүттү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:33 05.01.2026
0

IV Элдик курултайда делегаттар тарабынан эң көп көтөрүлгөн маселелердин бири - мектептердин жетишсиздиги жана мамлекеттик ипотекалык турак жайлардын жеткиликтүүлүгү болду....

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды

Автор Эдита Ильясова
10:26 29.12.2025
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-декабрда жарлыкка кол койгону маалымдалды. Ага ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович төмөнкү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды:...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

10:12 26.01.2026
Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди

10:06 26.01.2026
«Кийиз Дүйнө» коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

"Кийиз Дүйнө" коомдук фондунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова каза болду

10:12 26.01.2026
Ошто жер титиреди

Ошто жер титиреди

10:06 26.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү