Садыр Жапаров: «Болот Темиров «үрө берет, кербен жүрө берет»

Өлкө башчысы Садыр Жапаров “Кабар” агенттигинин бир катар суроолоруна жооп берди. Анда “Клооп Медианын” жабылышы, өлкөдөгү сөз эркиндиги, иликтөө журналистикасы тууралуу кеп козголду.

 Негизи эле өлкөбүздүн жогорку бийлиги иликтөө журналистикасына кандай карайт?

 Иликтегендердин баарын, мейли ким болбосун колдойбуз. Бир гана сураныч эки жактуу иликтешсе. Эгер кимдир бирөө уурдап атса же коррупция кылып жатса сөзсүз көңүл бурабыз. Жазалайбыз. Аларсыз деле өзүбүз жазалап жатабыз. Алардын иликтегени да бизге жардам болот. Бирок бир жактуулук, каралоо, душмандык кылуу, жеке кызыкчылык менен иликтеп жатышпайбы. Албетте андайларды колдобойбуз.

 Болот Темировдун иликтөөлөрүнө кандай карайсыз ?

 Болот Темиров «үрө берет, кербен жүрө берет». Анын иликтөөлөрүнө көңүл бурбайбыз.