Ишемби, 31.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Бөтөн жерде, бөтөн элде иштөө кандай кыйынчылыктар менен коштолорун жакшы түшүнөм»

13:02 18.12.2021
0
«Ушак айтуудан, жалаа жапкандан да орозо кармоо зарыл». Садыр Жапаров Рамазан айынын башталышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу мекендештер! Сиздер Ата Журттан алыста, чет жерлерде мекенге болгон сагыныч, кусалыкка карабай, ата-эне, үй-бүлө багуу максатында кара жанды карч уруп иштеп келесиздер. Мигрант болуп, бөтөн жерде, бөтөн элде иштөө кандай кыйынчылыктар менен коштолорун жакшы түшүнөм. „Туулган жердин топурагы алтын“ деген накыл кеп тегин жерден чыкпаса керек. Так ушундан улам ррезидент болуп шайлангандан кийинки алгачкы кадамдарымдын бири катары „Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө“ жарлыкка кол койгом. Ошону менен бирге Кыргызстанда татыктуу киреше бере турган жумуш орундарын түзүүнү Министрлер кабинетинин алдына коюп келем.

Биз өз кесибинин дасыккан адистерин кармап калууга тийишпиз. Кайсы гана тармак болбосун анын өркүндөп-өсүшүнө өз ишин мыкты билген адистер зор салым кошору белгилүү. Мындай адамдар, айрыкча, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасындагы мыкты кесип ээлери өз Мекенинде татыктуу жашап, келечек муунга терең билим берип, элибиздин саламаттыгына кам көрүшү абзел. Ошону менен бирге ишкерликти өнүктүрүүгө артыкчылык берилип жаткан чакта тажрыйбалуу инженердик кадрлардын — техниктер, энергетиктер, куруучулар, жеңил өнөр жайынын кызматкерлери — жана башка чебер адистердин ролу айтпаса да белгилүү.

Дал ушул себептен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги түзүлүп, бул маселеге өзгөчө көңүл бурулууда. Аталган көйгөйлөрдү өз ара байланышта караганыбызда гана алгылыктуу натыйжаларга жетише алабыз. Бүгүн өнөр жайды калыбына келтирүүгө абдан көңүл бурулууда, ишкана ачуу жаатында бир катар иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Маселен, Кара-Балта килем комбинаты кайра жандандырылып, ишке киргизилүүдө. Жакынкы жылдарда жер-жерлерде индустриалдык, алардын арасында бир машина-трактордук, парктарды, пахта-текстиль кластерин жана фабриканы, бир нече цемент заводдорду куруу жана башка долбоорлор билимдүү, тажрыйбалуу, заманбап технологиялар менен иштөөгө жөндөмдүү адистерди талап кылат. Албетте, мунун баары жаңы жумуш орундары.

Дагы бир орчундуу маселе — эмгек мигранттарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо. Мындай маанилүү маселени көз жаздымда калтырбашыбыз керек. Миграцияга чыгуу жолдорун иретке келтирүү, мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугу менен коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин негизги милдети болушу кажет. Кыргызстандыктардын чет өлкөлөрдүн эмгек рынокторунда өз потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу үчүн тышкы эмгек рынокторун диверсификациялоо, же тагыраак айтканда, бир эле убакта ар түрдүү багыттарды өздөштүрүү милдети турат.

Урматтуу алыс-жакында жүргөн жердештерибиз! Алдыбызга мына ушундай максаттарды коюу менен бирге өз Мекениңерде байырлап баар табууга шарт түзүүнүн, чет жерде жүргөндөрдүн укуктарынын корголушун камсыз кылуунун аракетин көрүп жатабыз.

Сиздерге жана сиздердин үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Ата Мекенге кызмат кылсам деген ой-максаттарыңар ишке ашуусуна тилектешмин!».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек»

Автор Айзада Тураркулова
11:41 28.01.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду. "Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары...

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Автор Айзада Тураркулова
10:13 28.01.2026
0

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчысынын буга...

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
1

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү