Садыр Жапаров: «БШК бийлик басым жасады, анан биз добуш уурдадык деп айтып чыгышсын. Мен отставкага кетем»

Эгер эле бийлик тараптан басым болсо, БШКнын башчысы, адистери же участкалык шайлоо комиссияларынын 31 миң мүчөсү “бийлик ушинтип басым жасады, анан биз ушинтип добуш уурдадык” деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле отставкага кетип калайын. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Арыба» сайтына билдирди.

«Шайлоо жакшы өттү. Бул менин баам эмес. Биринчи кезекте көпчүлүк элдин баасы. Экинчиден, дүйнөлүк коомчулуктун, эл аралык байкоочулардын баасы. КМШ, Европа, ШКУ,  Түрк дүйнөсү, Араб өлкөлөрү жана Америка өлкөлөрүнөн келген 800гө жакын байкоочулар катышышты. Шайлоонун эртеси алардын баары өз бааларын беришти. “Шайлоолор эң жогорку деңгээлде өттү” деп алгылыктуу айтышкан өлкөлөр болду. Ал эми “добуштар уурдалды, бюллетендерди түнү менен алмаштырышат” деген саясатчылардын айткандары абсурд. Республика боюнча 31 миң шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү бар. Элестетиңиз, 31 миң кишинин катышуусу менен түн катып бюллетендерди көтөрүп алып чуркап жүрүшкөнүн. Азыр үч киши менен кыңыр иш кылсаң бир заматта билинип калчу заман.

Эгер эле бийлик тараптан басым болсо, БШКнын башчысы, адистери же участкалык шайлоо комиссияларынын 31миң мүчөсү “бийлик ушинтип басым жасады, анан биз ушинтип добуш уурдадык” деп айтып чыгышсын. Мен токтоосуз эле отставкага кетип калайын. Ал эми протоколдорду кайра көчүрүп жазып аткандар ар бир шайлоодо болот. Айрымдары туура эмес толтуруп алышат. Кайра оңдошот. Баары эле бирдей билимдүү эмес да. Эң негизгиси, бюллетендер так болсо болду. Бул жерде болгону БШКнын катасы утулуп калган партиялардын чырагына май тамызып берди. Утулгандар өздөрү деле эң жакшы билишет санактар жакшы эле кетип жатканын. Билмексен болуп кыйкырып жатышат. Аларга жөн гана шылтоо керек. Серверди түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле сайрап жатып калышты. Айрымдары элдин башын айлантып, өздөрү таблица чийип ала коюп сүйлөп чыгышты. “Мына, ушинтип уурдайт добуштарды” дешип. Кимде ким добуш уурдаган болсо, аны Кудай өзү жазаласын. Бирок азыр техниканын заманы. Азыр добуш уурдай албайсың. Добуштарды уурдоо тээ 1990-2000-жылдары болчу. Ал убакта бюллетендер кол менен саналчу», — деди ал.