Садыр Жапаров БШКнын төрайымы жөнүндө: «Мен да эл сыяктуу жаман көрчүмүн. Бирок кеп төрайымда эмес экен»

«Кээде ушул талапкерди бекер жарыштан алып койду деп ичим ачышкан учур болот. Элдин таразасына түшүп, чыкса болот эле. «Аттиң ай» деген маселе болуп калып жатат». Коопсуздук кеңешинин жыйынында Садыр Жапаров БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага кайрылды.

«Сиздер мыйзамдуу чечимдерди чыгарып жатасыздар. Мен өткөн окуяга токтоло кетейин. Мен да эл сыяктуу төрайымды жаман көрчүмүн. «Баарын ушул аял кылып жатат, баарына БШК күнөөлүү болуп жатат» деп ойлочумун. Былтыр октябрь окуясынан кийин Шайлдабековадан баарыбыз сурандык, президенттик шайлоого 3 ай бериңиз деп, болбой коюп салды. Айла жок шайлоого бардык. Мен түшүндүм, кептин баары төрайымда эмес экен. Анын төбөсүнөн басып тургандарда экен. Кыргызда жакшы сөз бар «балык башынан сасыйт» деген. Ошондуктан биз сасыбасак, этеги жакшы эле болот экен. Ошондон кийин Шайлдабекованы жаман көрсөм да, кайра алып келип койдум. Анткени, мыйзамдуулукту туу туткан, шайлоону таза өткөргөнгө күчү жетет экен», — деди ал.