Садыр Жапаров: «Буга чейин электр энергиясын сырттан 5 сомдон алышкан, азыр 2 сомдун тегерегинде алып жатабыз»

Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу коомдо кызуу талкууланып жаткан маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрмө берди. Жалпы төрт маселе боюнча жазып, анын биринчисин электр энергиясына арнаган.

«Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Кечээ Тажикстан да өз сунуштарын берип, алардан да ала баштадык. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык, электр нергия берип жатышат. Биз кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле электр энергияны импорттоп жаткан жокпуз. 2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын импорттоп келе жатат экенбиз. Буга чейин импорттун баасы канча экен дебейсиздерби?

2014-жылдан бери саатына бир киловатты 5 сомдон алып, элге 77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казынадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сом чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол берген жокмун. Учурда 2 сомдун тегерегинде алып жатабыз.

Менин тапшырмам менен Энергетика министри элден “Күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, Токтогулдагы суу сактагычындагы суубузду сактап калалы” деп суранды. Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат. Биз электр кубатына гана пайдаланабыз. Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, Токтогул суу сактагычындагы суубуз кышка кеңири жетет. Бирок жаздан баштап кайра кышка чейин сууну толтуруш үчүн Токтогул суу сактагычын толук жабышыбыз керек болот. Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат. Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат.

Ал эми электр энергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жаткан жарандарыбыз жөнүндө сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй саатына бир килловаты биздегидей 77 тыйын эмес, 5 сомдон болгондо, башкача мамиле кылмаксыңар. Министрлик рейд жасаган учурда көрдүк го. Унаа оңдоочу жайларда, кафе-ресторандарда, базарларда күндүз жарык жанып турат. Бул эмнени билдирет? Бул бизде электр энергиясы арзан дегенди билдирет. “Ай, ошо да кеппи. Төлөп коём” дегендер — демек, колунда бар адамдар. Колунда жоктор бир лампочкасын өчүрүп, үнөмдөп турушат. Ошон үчүн жазда тариф маселесин көтөрүп «эки категорияга бөлөлү, аярлуу катмарга 77 тыйын кылып калтырып, чекти алып, бай жашаган катмарга тарифти көтөрөлү» дегенимде, ага да каршы чыккандар болушту, “элди бай-кедей кылып бөлбө” деп. Макул, балким, бара-бара терең түшүнгөндөн кийин макул болорсуңар?

Убакыт керек. И баса, акыркы 10 жылда бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Элдин саны болсо өсүп атат. Албетте, электр кубатына болгон суроо-талап мурдагыдан 3 эсеге өстү. Азыр эми ГЭСтерди өз күчүбүз менен эле сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып энергетикалык таңкыстыктан чыгып, экспорттоого жетишебиз», — деп жазылат билдирүүдө.