Президент буга чейин кайра иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңешке кайтарган жазык кодекстерге кол койду

Президент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Мамлекет башчысынын каршы пикиринен соң кайра иштелип чыгып жана Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жазык кодекстерине президент 28-октябрда кол койгон», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жогоруда белгиленген мыйзамдык актылар бир катар дал келбестиктер жана Конституция менен жана Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдары менен ички карама-каршылыктардан улам президент тарабынан мыйзам чыгаруу органына макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайтарылган болчу.