Садыр Жапаров: «БУУда сүйлөгөн сөзүмдү өзүм жаздым. Учакта маанилүү жерлерин толуктадым»

«БУУда сүйлөгөн сөзүмдү өзүм жаздым. Болгондо да учакта кетип бара жатып өтө маанилүү жерлерин толуктадым». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Спичрайтерлер чек ара маселесин чечүүдө же кандайдыр бир жолугушууларга мени менен бирге катышкан эмес да. Маселе кандай чечилип же чечилбей жатканынан кабарлары жок. Спичрайтерлер менен президенттин администрациясындагы тиешелүү бөлүмдөр өлкөбүздүн ички иш-чараларда сүйлөй турган сөздөрүмдү гана алдын ала даярдашат. Бирок ошондо да баары бир көпчүлүк жерлерин өзүм оңдойм, алымча-кошумча кылам дегендей. БУУда сүйлөй турган сөзүмдүн ар бир тамгасын «Жети өлчөп, бир кеспесем» болбойт эле. Себеби БУУнун жогорку трибунасы оюнчук эмес да. Анын үстүнө бул маселе жөнөкөй маселе эмес, өтө олуттуу маселе», — деди ал.