Садыр Жапаров: «БУУдагы өкүлүбүзгө Нью-Йорктогу батирине айына 5 миң доллар төлөп жатыптырбыз»

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери үчүн сатып алына турган батирлер жана кеңселер боюнча «Кабарга» комментарий берди.

— Париждеги элчилигибиздин жаңы имараты менен таанышып жатып, мамлекет дүйнө жүзүндөгү дипмиссиялар үчүн имаратты, батирлерди сатып берерин айттыңыз. Ушул демилге боюнча кененирээк маалымат бересизби? Казынага оорчулук жаратпайбы? Ижарага эле алып иштете берсе болбойбу?

— Тескерисинче, дал ошол ижарага алып келген кеңселер, ижарага алып жашап жүрүшкөн батирлер казынага оорчулук келтирип келген.

Бир эле мисал келтирейин. Калганы баары окшош эле. Мисалы, Нью-Йоркто БУУдагы биздин өкүлчүлүк бар. Андагы өкүлүбүзгө 30 жылдан бери ижарага батир алып берип келет экенбиз. Айына 5 миң доллар ижара акысын төлөп жатыптырбыз. Элестеткиле эми, 30 жылда канча акчабыз кеткенин. Бир эле өкүлүбүзгө 4 батирдин акчасы кетиптир. Эгерде тээ башында эле 1 батир сатып бергенибизде, 10 эле жылда өзүн актап, түбөлүккө мамлекеттин менчиги болуп калмак. 4 батирдин акчасы жөн эле ижара акысына кетип калыптыр.

Ушунун баарын мурдагы жетекчилер, министрлер ойлонуш керек эле да, алар кайдыгерлик кылышкан. Эми деле кеч эмес деп, бардык элчилерге, консулдарга жана чет өлкөлөрдөгү кызматкерлерибизге батирлерди сатып берип жатабыз. 30 өлкөдө элчиликтерибиз, 11 өлкөдө консулдуктарыбыз, БУУда өкүлчүлүгүбүз бар. Ар бир элчиликте, аз дегенде, 6-7ден көп кызматкер иштеп келет. Ар бири ижарага батир алат. Алардын баарына ижара акысы мамлекеттин казынасынан төлөнүп берилет. Ошондуктан бир жолу сатып берип койсок, ал батирлер менен кеңселер түбөлүк мамлекеттин менчиги болуп кала берет. Эбегейсиз суммадагы акчаларыбыз үнөм болот. Коммуналдык төлөмдөрдү төлөп коюп, кызматкерлерибиз жашай беришет. Чет өлкөдө буга чейин үч эле өлкөдө өзүбүздүн кеңсебиз бар экен. Бирөө Берлинде, өз убагында Апас Жумагулович демилгелеп сатып алып койгон экенбиз. Экинчиси Брюсселде, Чыңгыз Айтматов агабыздын демилгеси менен алыныптыр. Үчүнчүсү Москвада.

Калган өлкөлөрдүн баарында ижарага алып олтурушат. Мындан ары ижара деген сөздү укпашыбыз керек. Эки жыл мурда бардык өкүлчүлүктөргө батирлерди, кеңселерди сатып бергиле деп министрликке буйрук бергем. Азыр иштер жүрүп жатат. Бардык өкүлчүлүктөргө кеңселик жай, батир сатып берип жатабыз.

26-июлда Садыр Жапаров Париж шаарына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы элчилигинин имаратын көрүп чыккан. Президенттин тапшырмасы менен январь айында элчилик мамлекеттин менчигине алынган жаңы имаратка көчүп барган. 320 чарчы метр аянтты ээлеген дипломатиялык миссиянын жаңы орду Париждин 16-округунда жайгашкан.