Президент Садыр Жапаров жумуш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Маалыматка караганда, өлкө башчысы 20-21-мартта Баткен жана Ош облустарында болот.
Мамлекет башчысы Баткенде Иса Ахунбаев атындагы КММАнын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин жана Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында кирпич заводдун ачылыш аземдерине, Ош шаарында Ноорузду майрамдоого катышат.