Садыр Жапаров бүгүн жана эртең Баткен, Ош облустарында болот

Президент Садыр Жапаров жумуш сапары менен Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Маалыматка караганда, өлкө башчысы 20-21-мартта Баткен жана Ош облустарында болот.

Мамлекет башчысы Баткенде Иса Ахунбаев атындагы КММАнын окуу-дарылоо жана илимий комплексинин жана Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында кирпич заводдун ачылыш аземдерине, Ош шаарында Ноорузду майрамдоого катышат.