Садыр Жапаров: «Бүгүнкү күнгө карата азык-түлүктүн 90 күнгө гана жете турган запасы бар»

Бүгүнкү азык-түлүк запасы 90 күнгө гана жетет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, өлкө азык-түлүк импортунун көлөмүн азайтып, ата мекендик товарлар менен 80 пайызга камсыз кылууга умтулат. «Тилекке каршы, азыр Кыргызстанда азык-түлүк менен камсыздоо боюнча абал оор. Биз азыр импортко көз карандыбыз, ансыз да курч болгон азык-түлүк маселесине суу тартыштыгы да салым кошту», — деди ал.