Садыр Жапаров: «Чек ара толук чечилмейин, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет»

«Чек ара толук чечилмейин, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.

«Чек ара толук чечилмейин, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө коркунуч келе берет. Тилекке каршы, соӊку окуялар айтылгандарга күбө. Дал ушундан улам, бүгүнкү күндө коңшу үч өлкө менен чек ара маселелерин тактап алдык. Тажикстан менен болгон чек араны тынчтык жолу жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тактоо үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз.

Өзүңүздөр билгендей, эгемендүүлүк жылдарынан бери чечилбей келген чек ара маселесин кийинкиге калтырбай, кечеңдетпей чечүүнү, ата-бабалардан мураска калган ыйык жерибизди келечек муунга кемитпей өткөрүп берүүнү — эң башкы максатыбыз жана милдетибиз деп эсептейбиз!» — деди ал.