Садыр Жапаров Чолпон-Атада «Акылман» лицейин ачты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-августта Чолпон-Ата шаарында өзгөчө шыктуу балдардын президенттик “Акылман” лицейин ачты.

Аталган лицейгеа кабыл алуу 7-классты аяктагандардын арасынан жыл сайын өтүүчү сынактык тандоонун жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. Лицейде 400гө жакын окуучу билим алат деп болжолдонууда. Бул кыргыз-англис лицейи болот.

Мугалимдер дагы сынактык негизде тандалып алынат. 2023/24-окуу жылына балдарды кабыл алуу аяктап, 75 окуучу кабыл алынды. Лицейде окуу, жатакана жана тамактануу акысыз, окуучулар үчүн да, окутуучулар үчүн да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Чыгым мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.
Садыр Жапаров Кыргызстанда таланттуу балдар арбын экенин сыймыктануу менен белгиледи. Ал “Кут бир келет — бакпасаң кетип калат, бак бир конот — үйлөсөң өчүп калат” деп айткан Жусуп Баласагындын сөзүн келтирип, президент дал ошондой шык, талант, жөндөмдү бага билип, ага астейдил мамиле кылуу зарылдыгын белгиледи.

“Өлкө аймагындагы мындай таланттуу балдарыбызга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекетибиздин негизги милдети, башкы саясаты катары саналат. Мамлекет камкордукка алып, атайын лицей уюштуруу менен мындай балдардын акыл-ой чабыттарын ачуу, өзгөчө ыкмаларды колдонуу аркылуу андан ары өркүндөтүү жалпы билим берүү тармагына эле эмес, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, келечек муундун туура багытта тарбияланышына баа жеткис салым болот. Өлкөбүздүн булуң-бурчунда байкалбай жүргөн, катылып жаткан зээндүү балдарды таап, өзгөчө камкордукка алууну колго алсак, мамлекетибиздин жаркын келечеги камсыздалат десек да жарашат”, — деди Садыр Жапаров.