Садыр Жапаров COVID-19га каршы эмделбейт. Себеби

Президент Садыр Жапаровго коронавирус инфекциясына каршы вакцина сайдыруунун кажети жок. Мындай пикирин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттиги менен сүйлөшүп жатып билдирди.

Анын айтымында, Жапаров ооруп айыккан, мындан улам 9-9,5 көрсөткүчүндөгү антителосу бар.

«Ага вакцина сайдыруунун кажети жок, анткени реакция жүрүп кетиши толук мүмкүн. Президенттин организминде антитело иштелип чыккан. Мен муну медик катары да, саламаттык сактоо министри катары да айтып жатам«, — деди Бейшеналиев.

Эскерте кетсек, 29-март күнү өлкө боюнча эмдөөнүн биринчи этабы башталат. Кытайдан бул максатта 150 миң доза «Синофарм» вакцинасы келген. Ал 75 миң кишиге жетет.