Садыр Жапаров: «Центерра» өзү да «Кумтөр» кени мындан ары ага таандык эмес экенин моюндап жатат» 

Алтынды сатып алабыз дегендер көп. Алтын эч качан жерде калбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жыйында билдирди.

«Центерра өзү да «Кумтөр» кени мындан ары ага таандык эмес экенин моюндап жатат. Кыргызстанды кул кылуучу келишимдер жана алардын бузулушу, эл аралык коомчулуктун мамилесине көз каранды кылышы бизди колу-бутубуздан байлап турган. Биз эл аралык соттордо соттошкондон коркпой калдык. Атүгүл, эл аралык сотторду жеңе баштадык», — деди ал.