Шаршемби, 10.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров: «Дааватка зыңкыйып кийинген, сакал-муруту тегизделген, билими толукту жиберсек жакшы болмок»

12:08 19.03.2024
1
Садыр Жапаров: «Дааватка зыңкыйып кийинген, сакал-муруту тегизделген, билими толукту жиберсек жакшы болмок»

Президент Садыр Жапаров 13-мартта жаңы шайланган муфтий Абдулазиз Закировду кабыл алып, динди жайылтууда Исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирүү менен салттуу ханафий мазхабын кармануу зарылчылыгына басым жасоого чакырган.

— Садыр Нургожоевич, социалдык тармакта президент аалымдарды сабатсыз деди, дааватка каршы экен деп таарынгандар да болууда. Сиз кайсыл маселелер тууралуу айттыңыз эле?

— Эптеп эле менин сөзүмдү бурмалап, элге мени жаман көрсөткүсү келген жарандарыбыз бар. Башка иштеримден эч бир кыйкым таба албай, анан ушул дааватчылар жөнүндө айткан сөзүмдү бурмалап жатышса керек.

Муфтийди кабыл алганда дааватчылардын кийинген кийимдерин оңдойлу, башка өлкөлөрдүн салттарын сиңирбей, өзүбүздүн эле улуттук салттарды жайылталы, эң жок дегенде медресени бүткөн же ислам университетин аяктаган билимдүү балдарды дааватка чыгаралы деген сунушумду айттым. Эмне үчүн?

Мен республикабыздын ар булуң-бурчунан келген кишилерди көп кабыл алам. Өткөндө бир агайды кабыл алдым. Ал киши ушул дааватчылар жөнүндө кеп кылды. “Биздин айылга төрт-беш бала келип даават айтып жүрүшүптүр, албаа-далбаа болуп кийинип алышкан, анысы аз келгенсип кийимдери кир, жогорку билимдери жок, болгону 11-класс билимдери гана бар экен. Сакалдары курсагына жеткен. Мен өзүм мугалиммин. Көп жыл мектеп директору болдум, менин дин боюнча билимим алардыкынан жогору болуп чыкты. Анан ошолор мага акыл үйрөтөбү” дейт. “Аларды уят кылып кетирдим. Ошондой көрүнүштөрдү бир жолго салсаңыздар жакшы болот эле. Ошондойлорду көрүп кээ бир башка диндеги жарандарыбыз биздин динибизди жек көрүп атышат” деп, өзүнүн жакшы эле оюн айтты. Мен деле туура көрдүм. Ошол үчүн муфтийди кабыл алып, ушул темада баарлаштык. Мен дааватты колдойм.

Молдонун, ажынын баласымын. Дааваттын зыяны жок. Дааваттан 90-жылдардан бери канча деген жарандарыбыз оң жолго түшкөнүн өз көзүм менен көргөм. Болгону дааватка чыккандарды зыңкыйтып кийинтип, сакал муруттарын тегиздеп, билими толук, кандай гана суроолор болсо жооп бере алгандарды жиберсек жакшы болот эле. Ошондо элибиз да дааватчыларга ишенип, аларды кунт коюп угуп, ээрчийт эле. Бул пикиримди муфтий да туура көрдү. Илгери аалымдар (дааватчылар) динге эле эмес, илимге дагы үйрөтүшкөн. Ар кайсы тилдерди окуткан.

Мына ушул маселелер боюнча сөз болду. Келгиле азыр деле илгерки аалымдардын жолун жолдоп, дин менен бирге билимге чакыралы, илимге үйрөтөлү.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

БШК четинен депутат болчулардын тизмесин бекитип жатат. Эл өкүлү болчулар кимдер?

БШК четинен депутат болчулардын тизмесин бекитип жатат. Эл өкүлү болчулар кимдер?

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
10:37 09.12.2025
0

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 8-декабрдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды. Ага...

Исламабадда Садыр Жапаровдун Пакистандын өкмөт башчысы менен жолугушуусу өттү

Исламабадда Садыр Жапаровдун Пакистандын өкмөт башчысы менен жолугушуусу өттү

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
16:00 04.12.2025
1

Бүгүн, 4-декабрда, Исламабад шаарында Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министр Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Мамлекет башчысы иш сапардын...

13-округ боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

13-округ боюнча шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
18:12 03.12.2025
1

БШК №13-округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын бүгүн, 3-декабрдагы жыйынында кабыл алды. Жумушчу топ шайлоо участкаларда видеокамералар болгонун тактады. Талапкерлердин өкүлдөрү...

«Фактылар аныкталса, жыйынтык жокко чыгарылат». Добуштарды сатып алуу боюнча БШКга 6 арыз түшкөн

«Фактылар аныкталса, жыйынтык жокко чыгарылат». Добуштарды сатып алуу боюнча БШКга 6 арыз түшкөн

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
11:18 03.12.2025
0

Шайлоодон кийин мыйзам бузуулар боюнча БШКга 11 арыз түшүп, анын алтоо добуш сатып алууларга байланыштуу. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык...

Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
10:43 03.12.2025
0

Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, Аманкан Кенжебаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. Кенжебаев...

Комментарийлер 1

  1. Наргиза says:
    2 года ago

    Туура айтыптыр ажобуз,жайында ошол жудомуш жургондору да бар шляпки,сланцы менен буттары чан болуп.Тыкан,таза кийинсин,сакалды культурный кылып койсун оздору да таптаза болушсун,анын эмнеси жаман?

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Камчыбек Ташиев: «Кудагыйым УКМКнын абагында отурат»

Камчыбек Ташиев: "Кудагыйым УКМКнын абагында отурат"

17:15 09.12.2025
БШК четинен депутат болчулардын тизмесин бекитип жатат. Эл өкүлү болчулар кимдер?

БШК четинен депутат болчулардын тизмесин бекитип жатат. Эл өкүлү болчулар кимдер?

10:37 09.12.2025
Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашуулары ачылды

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашуулары ачылды

11:27 09.12.2025
Камчыбек Ташиев: «Кудагыйым УКМКнын абагында отурат»

Камчыбек Ташиев: "Кудагыйым УКМКнын абагында отурат"

1
«Тамагым кекиртегиме тыгылып». Камчыбек Ташиев коррупционерлер тууралуу

"Тамагым кекиртегиме тыгылып". Камчыбек Ташиев коррупционерлер тууралуу

18:08 09.12.2025
Камчыбек Ташиев: «Кудагыйым УКМКнын абагында отурат»

Камчыбек Ташиев: "Кудагыйым УКМКнын абагында отурат"

17:15 09.12.2025
Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашуулары ачылды

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашуулары ачылды

11:27 09.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү