Шаршемби, 01.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койгонун айтып, кыргызстандыктарга кайрылды

17:47 21.01.2025
0
Садыр Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койгонун айтып, кыргызстандыктарга кайрылды

Өлкө башчыcы Садыр Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койгонун айтып, кыргызстандыктарга кайрылды.

«Бүгүн дин боюнча мыйзамга кол койдум. Бул мыйзамды каршы пикир менен кайтаруумду суранган, динди катуу карманган жарандарыбыз болду. Ошол эле мезгилде кол коюп күчүнө киргизишимди суранган, светтик көз караштагы жарандарыбыз да бар.

Светтик көз караштагы жарандарыбыз дагы Кыргызстанда динди катуу кармангандар менен бирдей эле санда экенин унутпайлы. Алар бейтааныш адамдар квартира-квартира, үймө-үй кыдырып, эшик каккылагандарга каршы экенин билдирип жатышат. Кыдырып келгендер кимдер экенин, колдорунда Муфтият, казыят, хатибият тарабынан берилген күбөлүктөрү барбы, кайсы агымга же уюмга үгүттөп жүргөнүн, ал агымдар биздин динибизге каршы келбейби деген суроолорго жооп алгысы келишет.

Мыйзамда бир эле талаш-тартыш жери бар. Ал – үймө-үй кыдыруу маселеси. Бизде ушул кыдыруу маселеси толук жолго коюла элек болуп жатат. Анткени кыдырууга чыкканга ким уруксат берет, кимдер кыдырууга чыга алат, билими кандай болуш керек, кимдер даават айта алат, кандай баракчаларды же китептерди таратса болот, аларды ким текшерүүдөн өткөрүп берет деген сыяктуу суроолор тартипке салына элек.

Үй-бүлө, бала-чакасын карабай, ачка таштап коюп 3 күнгө, 40 күнгө, 4 айга чейин кыдырууга чыгып кеткен жарандарыбыз болуп жатат. Ушул кантип болсун. Үй-бүлөсүн, эң жок дегенде, тамак-аш менен толук камсыз кылып коюп анан кыдырууга чыкса болбойбу?

Дааватка эч ким каршы эмес. Дааваттан биз эч качан зыян көрбөйбүз. Азырынча мечиттерде айта бергиле, той-томолоктордо айткыла, жарандарды акыркы сапарга узатууга чогулган жерде айткыла, эл чогулган базарларда айткыла, кийин кыдыруу аркылуу да айткыла. Бирок ушул кыдыруу эрежесинин баарын Муфтият менен Аалымдар кеңеши жөнгө салып, кимдер чыгат, кайсы орган күбөлүк берет, ким көзөмөлдөйт деген сыяктуу эрежелерди так жазып, анан бизге сунуштасаңыздар кайрадан карап берели. Маселе жок.

Мен, мисалы, эч качан динге каршы чыкпайм. Себеби, өмүр бою динди катуу карманган молдонун, ажынын баласымын. Дин эмне экенин жакшы түшүнөм. Эгер мен азыр “Динди катуу кармангандардын назарынан калбайын, келечек эмне болсо ошол болсун” десем, каршы пикир менен бул мыйзамды кайтарып коёт элем. Бирок мен бул маселеге жөнөкөй жаран катары эмес, өлкөнүн президенти катары карап жатам. Бир күн менен же жеке кызыкчылык үчүн жашабайлы.

Радикалдар тараптан туура эмес агымга үндөй турган баракчаларды, китептерди тараткан учурлар акыркы убакта көп катталып жатат. Муфтият менен Аалымдар кеңеши тарабынан талаптарды коюп, эрежелерди так жазып, баарын ирээтке келтирип алып, анан үймө-үй кыдырууну улантсак мамлекетибиздин келечеги үчүн жакшы болот.

Алакандай кыргыз эли 33 агымга бөлүнүп кетиптирбиз. Аларды тизмектеп санап берейин.

Кыргызстанда сот тарабынан тыюу салынган жана ага карабай, ишмердүүлүгүн улантып жаткан агымдар:

1. Хизбут-Тахрир-Аль-Ислами;

2. Ат-Такфир Валь-Хиджра;

3. Йакын Инкар;

4. Джабхат Ан-Нусра (Сирия аймагына чыгып кетишкен);

5. Катибат Аль-Имам Аль-Бухари (Сирия аймагына чыгып кетишкен);

6. Жаннат Ошиклари (Сирия аймагына чыгып кетишкен).

(Сирияга “джихад” кылабыз деп кетишкен 544 жараныбызды былтыр кайтарып келдик. Азыр алар мамлекеттин көзөмөлүндө реабилитациядан өтүшүп, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат).

Экстремисттик же террористтик делип сот тарабынан тыюу салынып, өлкөбүздө ишмердүүлүгү токтотулган агымдар: (Эгер чындап эле токтотушкан болушса? Балким булардын арасында тымызын иш жүргүзүп жаткандар да болушу мүмкүн)

1. Аль-Каида;

2. Чыгыш Түркстан Ислам Кыймылы;

3. Күрт элдик конгресси;

4. Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму;

5. Түркстан Ислам партиясы;

6. Мун чиркөөсү;

7. Жайшуль Махди;

8. Джундь-аль Халифат;

9. Ансаруллох;

10. Акромия;

11. Саид Бурятскийдин (А.Тихомировдун) пропагандалык үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү;

12. ИШИМ — Ирак, Шам Ислам Мамлекети (ИГИЛ);

13. Джамаат ат-Таухид валь-Джихад;

14. Жихад тобу.

Сот тарабынан тыюу салына элек агымдар: (Бүгүн ишмердүүлүгүн улантып жатышат)

1. Таблиги Жамаат;

2. Салафия;

3. Хизмет (Гюленчилер);

4. Нурджулар;

5. Сулайманжылар;

6. Ахмадия;

7. Кораниттер (Ахлуль Куран);

8. Братья Мусульмане;

9. Адвентисты седьмого дня;

10. Иёгова күбөлөрү;

11. Протестанттар;

12. Иисус Христос Чиркөөсү;

13. Саентологдор;

14. Теңирчилер.

Бул агымдарга кошулгандар күндөн-күнгө көбөйүп бара жатышат. Себеби, тыюу салынбаган агымдар тарабынан да ар кандай китеп, баракчаларды таратуу күндөн-күнгө күчөп жатат. Айрым учурларда тыюу салынган агымдар тарабынан да китептерди, баракчаларды, видео материалдарды тараткан учурлар катталып, кармалып жатышат.

Чын ниети менен кыдырууга чыккан жарандарыбызда кеп жок. Кеп кыдырууну жамынып алып, жарандарыбызды тымызын туура эмес агымга ээрчитип кетип жаткан ниети бузук уюмдарда болуп жатат. Мунун түбү жакшы эмес. Келечегибизге коркунуч жаратып бара жатат. Мусулман өлкөлөрдө (Мисалы Сирия жана башка мусулман өлкөлөрдө) мусулмандар эле бири-бири менен “менин уюмум туура, сенин агымың туура эмес” дешип таасир талашып кырылышып, миллиондогон мусулмандардын каны төгүлүп жатканын көрүп жатабыз го.

Ошол өлкөлөрдө илгертен бери мына бүгүнкү бизге окшоп ар кайсы чачыранды, радикал агымдарга бөлүнгөндөрүнүн кесепетинен келип чыгып жатат. Тарапташтарынын саны өскөңдөн кийин топ-топ болуп таасир талашмай. Албетте аларды кызыкдар болгон сырткы күчтөр да бирине-экинчисин тукуруп, козутууда. Канчалаган адамдардын каны төгүлүп кетти.

Ошондуктан алакандай кыргызстандыктар бир эле салттуу динибиз менен жашайлычы. Ушуну жолго койгонго муфтият менен дин аалымдары жардам бергиле да. Буга чейин бул маселеге эч ким көңүл бурган эмес экен. Кеч боло электе биз көңүл буралы.

Дин тармагыбызды ирээтке келтирип, Кыргызстаныбыздын түбөлүгүн түздөп, туура жолго багыт берип кетели. Мейли ким болбойлу, кайсы агымдын мүчөсү болбойлу баарыбыздын эле келечекте ушул мамлекетибизде тынч жашагылары келген бала-чака, небере-чөбөрөлөрүбүз бар го, акыры. Ошолордун келечегин ойлонолу.

Жакшы ниет менен жасап жаткан иштерди саясатка айландырбайлычы. Муфтият менен Аалымдар кеңешинен сунуш күтөбүз. Кыдыруу боюнча эрежелерди ийне-жибине чейин жазып, сунуш киргизгиле. Алардын так аткарылышына жана бир жолго салынышына мамлекет жардам берели. Сунушуңарды канчалык эрте берсеңер, ошончолук жакшы болот», — деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:39 31.03.2026
0

Бүгүн, 31-мартта бир катар аймактардын жетекчилери кызматтан алынып, ордуна башкалар дайындалды. Алар төмөндөгүлөр: Ниязбек Козуев Чүй облусунун Москва районунун акими...

Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:45 30.03.2026
0

Президенттин администрациясы “Аю Холдинг” компаниясын түптөгөн ишкер, экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго Бишкектеги “Томми молл” соода борбору тууралуу ачык...

Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Садыр Жапаров жана Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:42 27.03.2026
0

Бүгүн, 27-мартта президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери,...

Матвиенко Маматалиевге: «Биз сиздин Орусияга болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз»

Матвиенко Маматалиевге: «Биз сиздин Орусияга болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз»

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:49 27.03.2026
0

Москва шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты...

«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

«Жаңы миграциялык демилгелер боюнча тынчсыздануубузду билдиребиз». Марлен Маматалиев Вячеслав Володин менен жолугушту

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:52 26.03.2026
0

Бүгүн, 26-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россия Федерациясына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти». «Кызмат» мекемесинин түшүндүрмөсү

"Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти". "Кызмат" мекемесинин түшүндүрмөсү

15:57 31.03.2026
Бишкек мэриясы баланы белгилүү бир мектепке кабыл алуу максатында жасалма каттоого турууда жоопкерчилик бар экенин эскертет

Бишкек мэриясы баланы белгилүү бир мектепке кабыл алуу максатында жасалма каттоого турууда жоопкерчилик бар экенин эскертет

08:54 31.03.2026
Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

13:39 31.03.2026
Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жыл оңдолот

Быйыл Төө-Ашууда 10 чакырым жыл оңдолот

1
«Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти». «Кызмат» мекемесинин түшүндүрмөсү

"Паспорт боюнча видео резонанс болуп кетти". "Кызмат" мекемесинин түшүндүрмөсү

15:57 31.03.2026
Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

Бишкек мэриясы 400 автобус линияга чыкпай жатат деген маалыматты четке кагат

13:54 31.03.2026
Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

Кадрдык өзгөрүүлөр: бир катар мэр жана акимдер алмашты

13:39 31.03.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү