Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана АКШ өкмөтү тарабынан Кыргызстандын айрым банктарына киргизилген санкцияларына жооп берип, кыргыз банктары Орусияга каршы батыштын чектөөлөрүн айланып өтүүгө катышканын тастыктаган бир да далил жок экенин билдирди.
«Мен бул өлкөлөрдүн жогорку жетекчилери, Дональд Трампка жана Кир Стармерге кайрылат элем. Балким, аларга маалымат жетпей жатат. Экономиканы саясатташтырбагыла. Биз көп векторлуу саясат жүргүзүп келе жатабыз. Силер менен да экономикалык жактан кызматташуудабыз. Мисалы, Англия мамлекетине эле жылына миллиард долларга алтын сатабыз. Анан мындай бизге кылган мамилеңер адилеттүүлүккө жатпайт. Ошондуктан ишенбесеңер ошол маалыматтарыңарды көтөрүп алып келгиле бизге. Банк бардык маалыматтарды ачык көрсөтүп бергенге даяр»,- деп айтылат маалыматта.












