Дыйкандарга бөлүнгөн акчанын 97 пайызын чиновниктер менен алардын туугандары алган. 3 пайызы гана дыйкандарга берилген. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.
«Мен жазында өлкөнү кыдырганда көрдүм. Сугат жерлер айдалбай жатат. Кайрак жерлерди мындай эле кой, сугат жерлер айдалбай жатат. Ошондон кийин бир топ дыйкандар менен сүйлөштүм. Алар акча жоктугун айтты. «Техника алайын десем, техника жок, үрөн жок, күйүүчү май жок» дейт. Ошондон келип, Эсептөө палатасына тапшырма бергем. Биздин мамлекеттик банктарды ревизия кылып чыгуу боюнча тапшырма бергем. Алар текшерип бүтүп, мага маалымат беришти. Дыйкандарга мамлекет тарабынан бөлүнгөн акчалардын 3 эле пайызы дыйкандарга жетет экен. Калган 97 пайызын жалаң бизнесмендер, депутаттар, министрлер, губернаторлор жана алардын туугандары алат экен. 6 пайыз менен. 100 пайыз дыйкандар алыш керек болчу. Бул жерде жалаң чиновниктер алып койгон», — деди ал.
Президент бул боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тапшырма берди. «Изилдеп чыгып, кредиттер эмне үчүн дыйкандарга жеткен эмес, кайсы банктар берген, ушуларды текшерип чыгып, чечим кабыл аласыз», — деди ал.
Ал мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, 1-январдан баштап, дыйкандарга бөлүнгөн акчанын бир дагы сому башкага кетпеши керек экенин айтты.










