Садыр Жапаров Дүйнө чемпиондугунда медаль алган спортчуларды куттуктады

Президент Садыр Жапаров Дүйнө чемпиондугунда медаль алган спортчуларды куттуктады. Өлкө башчы куттуктоосун соцтармактагы баракчасына жазды.

«Айсулуу алтын кызыбыз! Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда ишенимдүү жеңишиң менен чын дилимден куттуктайм! Буга улай эле азаматтарыбыз Эрназар Акматалиевдин Дүйнө чемпионатында күмүш жана Алибек Осмоновду коло байге алышы менен да куттуктайм! Бул жеңишиңер жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулады. Элибиз сүйүнүп, жетине албай турган чагы!» — деп жазды өлкө башчысы.