Садыр Жапаров дүйнөгө белгилүү скрипкачы Даниэль Лозакович менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда дүйнөгө белгилүү скрипкачы Даниэль Лозакович жана анын апасы Алена Лозаковичти (Шаршекеева) кабыл алды.

Жолугушуу скрипкачынын кыргыз-швед дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын урматына 10-июнда Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган концертинин алдында өттү.