Садыр Жапаров: «Эгерде биздин аймактарды басып алуу аракеттери болсо, анда жооп катаал болот»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматынын Чек ара кызматына аскердик техниканы тапшыруу аземине катышты.

«Эгерде чек ара тынч болсо, ал коргоодо болсо, анда жарандар тынч уктай алышат. Эгерде чек ара алсырап, чек арачылар керектүү материалдык-техникалык жактан камсыздалбаса, анда өлкөдөгү стабилдүүлүк жөнүндө айтууга болбойт. Ар бир мамлекеттин коопсуздугу жана туруктуулугу чек араны коргоодон башталат», — деди өлкө башчысы.

Президент Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн техникасына инвентаризация жүргүзүлгөнүн, жарактан чыккан техникалардын баары келерки жазда жаңыртыларын баса белгиледи. «Бул жаңжалга даярдык эмес, биздин өлкөнүн коопсуздугун сактоого даярдык. 30 жылдын ичинде биз эч качан эч ким менен чыр-чатак баштаган эмеспиз, колубузда курал менен чет өлкөлүк аймактарды басып алган эмеспиз. Келечекте дагы мындай болбойт. Бирок, эгерде биздин аймактарды басып алуу аракеттери болсо, анда жооп катаал болот», — деп билдирди Садыр Жапаров.

Ал Чек ара кызматынын гана эмес, Коргоо министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин дагы материалдык-техникалык базасы жакшыртыларын кошумчалады. Өлкө башчынын айтымында, келерки жылы чек арачылардын маянасын жогорулатуу пландалууда.