Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Буга чейин мамлекет башчы 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгына ылайык, Элдик Курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин, 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай 1074 делегаттын катышуусунда болуп өткөн.
“Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамы кабыл алынгандыгына жана күчүнө киргендигине байланыштуу президенттин 2022-жылдын 22-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгы күчүн жоготту, ошону менен бирге 2022-жылдын 25-ноябрында болуп өткөн Элдик Курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду.