Жакында эле социалдык тармактарда абактагылар аёосуз сабалып, телефондорду алуу үчүн жашаган жерлери тинтүүгө алынганы, ал тургай 5 адам ур-токмоктон каза болуп калганы тууралуу маалыматтар тараган. Бул боюнча «Кабар» агенттигине өлкө башчысы Садыр Жапаров үн катты.
«Мен да интернет булактарынан окуп, дароо телефон аркылуу байланышсам эч кандай адам өлүмү болбоптур. Бул жалган маалымат экен. Бирок телефондорун алуу үчүн тинтүү жүргүзүшкөнү чындык. Бир эле түзөтүү колониясынан 700гө жакын телефондор чыгыптыр. Мага видеолорун жиберишти. Эмне үчүн телефондорун алып жаткандарынын себеби, түрмөдө отуруп алышып сырттагы ишенчээк адамдарды алдап, акчаларын алып коюп жатышат.
Жалаң түрмөдө отургандар телефон чалып, алдап жана коркуткандар болуп чыгып атат. Ошол үчүн телефондорун тазалап жатышат. Ал эми баш ийбей, каршылык көрсөткөндөрдүн башынан сылабайт да. Тартип деген тартип. Мурдагы заман жок. Аны унутуш керек. Криминал бар өлкө эч качан өнүкпөйт. Инвестор келбейт. Башка мамлекеттер ишенбейт. Ири долбоорлорго катышпайт. Кыскасы криминал башкарган коррупциялык өлкөлөр эч качан өнүкпөйт жана келечеги жок өлкөлөрдүн катарында болушат.
Азыр биз түрмөлөрдүн ичин толугу менен оңдоп-түздөп, өндүрүштүн түрлөрүн ачып берип жатабыз. Иш жакшы кетти. Буйрутмалар абдан көп. Түрмөдө отургандар иштеп акча табышсын. Сырттагы үй-бүлө, туугандарын кыйнап «тамак киргиз, кийим киргиз» дебестен, түрмөдө отуруп алып сырттагы үй-бүлө, бала-чакасына акча жиберип турушсун деп шарт түзүп берип жатабыз.
Алдыда келе жаткан 2-3 жылда бардык түрмөлөрдүн ичине өндүрүш ачып, шарт түзүп беребиз. Келечекте эмгек акылары да сыртта иштегендердей эле жогору болушуна шарт түзөбүз.
Сыртта болсо иш көп. Мурдагыдай жумуш жок деген шылтоо түгөнгөн. Иштейм деген кишиге иш толтура. Криминал деген ниетти жок кылып, иштеп, ак эмгек менен жан баксаң, ошол адал болот, ошол жугуштуу, берекелүү болот» ,- деди өлкө башчысы.