Садыр Жапаров эмне үчүн Курултайды 25-ноябрга белгилегенин түшүндүрдү

Баш мыйзамда курултай болуш керек деп так жазылып турат. Мурдагы Баш мыйзамда деле бар болчу, бирок аткарылган эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

«Курултай жөнүндө мыйзам кабыл алынбай келген, анткени мурдагы депутаттар «биз турсак, Курултайдын эмне кереги бар?» дешип, кабыл албай келишкен. Бул парламент дагы ошондой ой менен кабыл албай жатабы, айтор, мыйзам өткөн жок. Ошол үчүн мен өзүмдүн Жарлыгым менен 25-ноябрга Курултай чакырдым. Буга толук укугум бар. Эмне үчүн 25-ноябрь? Анткени жыйым-терим бүтөт. Элдин баары бошогон убак болот. Дыйкандарга тоскоол болбосун дедим. Эч кандай мурдагыдай дүжүрлөр чогулбайт. Жергиликтүү бийлик делегат тандоого катышпайт. Айылдык кеңеш элди чогултат. Чогулган эл кимди шайласа, ошол адам делегат болуп келет. Ооз көптүрүп «дежурлар чогулат» деп сүйлөп жүргөндөргө айтарым, кайсыл жерде жашасаң, ошол жердеги чогулушка барып катыш. Эл шайласа, сен да делегат болуп келип, сунушуңду айт», — деди өлкө башчы.