Садыр Жапаров: «Энергетика тармагы чала жан»

Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына энергетикалык тармак боюнча маалымат берүүнү туура көргөнүн жазды.

«Союз мезгилинде электр энергиясын өндүрүү өзүбүздөн ашып, кошуна өлкөлөргө экспортточубуз. Эгемендүүлүк алгандан бери бир дагы ГЭС курулбаптыр. Элдин саны дээрлик бир жарым эсеге өсүптүрбүз. Курулуштардын саны дагы эселеп өсүптүр. Ал эми электр энергияны колдонуу 1991-жылы 9 миллиард болсо, бүгүнкү күндө 16 миллиарддын тегерегинде болууда. Чоң кубаттуулуктагы трансформаторлор, жогорку чыңалууда аба чубалгылары да жаңыланган эмес. Электр жабдыктардын эскирүүсү дээрлик 80 пайыздан жогору. Ошол электр жабдыктары Союз мезгилинде курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө. Анысы аз келгенсип, энергетика тармагынын карызы 137 миллиард сомду түзөт.

Так кесе айтсам, энергетика тармагыбыз чала жан болуп калган», — деп жазды ал.