26-февралда президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Садыр Жапаров стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-түрк бир туугандык мамилелери боордош эки элдин келечеги үчүн мындан ары да өнүгүп, бекемделе берерине терең ишенет. Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.