Садыр Жапаров эртең Тажикстанга иш сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу менен эртең, 14-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбе шаарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлөт. Садыр Жапаров сапардын алкагында Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө»,— деди Муратбек Азымбакиев.