Президент: «Фейсбуктагы баракчама жардамчыларым да кире алат, кээде аларды «бөлүшпөгүлө» деп токтотом»

Бүгүн, 23-октябрда президент Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп жатат. Жыйында өлкө башчы журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. СуперТВ телеканалынын журналисти мамлекет башчыга «Фейсбуктагы верификациядан өткөн аккаунтуңузду өзүңүз башкарасызбы?» деген суроону узатты.

«Фейсбуктагы баракчамды дайыма өзүм колдоном. Бирок баракчанын логини, сыр сөзү жардамчыларымда да бар. Алар кээде материалдарды салып ийиши мүмкүн. Кээде аларды «Бөлүшпөгүлө, материал салбагыла, мен өзүм карап турайын» деп өзүм токтотуп коём», — деди ал.