Садыр Жапаров ФИФАнын президентин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда бир күн мурун Бишкекке келген Эл аралык футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантинону кабыл алды.

Кыргыз футболун өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын футбол инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Жанни Инфантинону жылуу тосуп алып, аны Эл аралык футбол федерациясынын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, дүйнө жүзү боюнча футболду өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Садыр Жапаров ФИФАга мүчө мамлекеттер бул абройлуу уюмдун башчылыгына Жанни Инфантиного ишеним көрсөтүшкөнүн белгиледи.

“Кыргыз Республикасына болгон сиздин биринчи сапарыңыз символикалуу жана маанилүү. Сиздин Кыргызстанга келишиңиз кыргыз футболунун өнүгүүсүнө дем-күч берет. Спорт жаатындагы жетишкендиктер мамлекеттин бакубаттуулугунун, биримдигинин жана өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналат”, — деп белгиледи Жапаров. 

Жанни Инфантино 10 жылдан бери кыргыз футболу кандай жакшы өнүгүп, татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүп жатканын байкап келишкенин кошумчалады. Мындан тышкары, ал кыргызстандык футболчулардын физикалык да, техникалык жактан да талантын белгиледи.