Садыр Жапаров «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайды модернизациялоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда «Бужум» аскердик полигону менен Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасына жакын жердеги Ак-Суу дарыясында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайга барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы суу бөлүштүрүүчү жайды жана объектти кайтарган аскердик бөлүк турган аймакты көрүп чыккан. Жыйынтыгында президент тийиштүү мамлекеттик органдарга суу бөлүштүрүүчү жайдын техникалык абалын модернизациялоону тапшырды.

Садыр Жапаров «Бужум» полигонундагы аскер кызматкерлеринин алдында сүйлөп жатып, мамлекет Куралдуу Күчтөрдүн алдындагы социалдык милдеттенмелеринин бардыгын аткара турганын жана күч түзүмдөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүгө өлкө жетекчилиги тарабынан өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.